Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинде ыйык Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты. Мамлекет башчы мечиттин жамааты менен бирге майрамдык намаз окуду.
Эске салсак, кечээ Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо программасынын жетектөөчү комитетинин IX жыйынына катышуу үчүн келген Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Башчысы Рустам Минниханов менен жолугушуу өткөргөн.