Жаңылыктар
Нарын: Элеттиктер улуттун уңгусун даңазалашты
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: Элеттиктер улуттун уңгусун даңазалашты

Нарын районуна караштуу Ийри-Суу айылында "Бактылуу бала" бакчасы улуттун уңгусун, көчмөн кыргыз маданиятын даңазалаган "Кыз жигит сармерден" оюнун уюштурушту. Ага кыздар тобу бакча жамаатынан түзүлсө, мырзалар тобу бакчага келген үч айылдын балдарынын аталарынан куралган.

Элеттеги майрамдык иш-чара бала бакча тарбиялануучуларынын "Манас" эпосунан үзүндү айтуу менен башталып, сармерден оюнунун тарыхы, аны өткөрүүнүн мааниси тууралуу маалымат берилди.

Улуттун уңгусун жайылтууну көздөгөн маданий иш-чара президенттин "Улуттук дем - дүйнөлүк бийликтик" Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, кыргыз элинин маданиятын, үрп адатын, салт санаасын даӊазалоо, жаштарга улуттук балуулуктарды үйрөтүү, руханий тарбия берүү менен чыгармачылыкты өнүктүрүү жана мекенчилдик сезимин ойготуу максатын көздөйт.

Иш-чара алкагында салттуу кыргыз маданияты тууралуу малыматтар берилип, саба, ээр токум, шырдак, көлдөрөң жасоонун ыкмалары, өрмөк согуу өнөрү көрсөтүлүп, устукан тартуунун мааниси чечмеленип берилди. Ошондой эле кыздар тарап бала бешикке салуу салтын көрсөтүшсө, мырзалар тобу бала отургузуу ырымын алып чыгышты.

Мындан тышкары кыргыздын улуттук оюндары ойнотулуп, улуттук аспаптардын коштоосунда ыр-күүлөр жаңырып, табышмак, жаңылмач, макал-лакаптар айтылды.

Улуттун уңгусу болгон маданиятты, каада-салтты жана нарк-насилди жайылтууда эстафета катары башталган маданий иш-чаранын кезеги Төш-Булак айылына өткөрүлдү.

Аталган бакчага Төш-Булак, Ак-Булуң жана Ийри-Суу айылдарынан 91 бала келип таалим тарбия алышат.