Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ак-Булуң айылында күндөн энергия алуучу 42 батарея орнотулуп, сугат суу чыгарылды. Бул Кыргызстандагы экинчи долбоор.
Долбоор Ага Хан өнүктүрүү фондунун каржылоосунда ишке ашып, 3 миллион 500 миң сом каржыланган. Ошондой эле айыл өкмөттөн 50 миң, айылды өнүктүрүү фондунан 100 миң сом бөлүнүп, жалпы элдин жана айыл өкмөттүн муниципалдык ишканасынын техникаларынын күчү менен ишке ашырылган.
Ак-Булуң айылынын айыл башчысы Байгазак Аликов күн панелдин кубаттуулугу 24 кВт, ал эми суу алуучу каналга 12 кВт кубаттуулуктагы насос орнотулганын билдирди. Андан сугат суу 40 метр бийиктиктен сордурулуп, учурда айдоо аянттарга секундасына 18-22 литр суу берип жатат. Айылда жалпы 154 гектар сугат, 250 гектар кайрак жер бар. Долбоордун ишке ашуусу менен дагы 70 гектардай жерге суу берүү жакшырат.
Союз мезгилинде бул аянттарга сугат суу дизелдик насостук станция аркылуу берилип келген. Бирок союз ыдыраганы ал каралбай таланып-тонолуп кетип, 1993-жылдан бери иштебей калгандыктан айдоо аянттар кайрак жерге айланып, иштетилбей калган.
Негизинен жумуштун 90 пайызы бүтүп, сугат суу берилүүдө. Эми алдыда суу түтүктөрүн көмүү жана күн панели коюлган жердин айланасын тосуу жумуштары жасалат.