Жыл башынан бери өлкөдө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 2147 жаранга ипотекалык үй берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Быйыл жыл аягына чейин 7 миңге жакын батирди тапшыруу пландалууда. Анын ичинен 1,5-2 миңге жакыны Бишкек шаарында, Жалал-Абад облусунда 1,5 миң , Нарын шаарында 216, Кочкор айылында 217 батир , Талас шаарында 319, Каракол шаарында 420 батир пайдаланууга берилет.
Учурда республика боюнча 60 миң батирдин курулушу жүрүп жатат. Аны 2028-жылга чейин бүтүрүү пландалган. Анын ичинен 15 миңден ашыгы Бишкек шаарында, 7 миңи Чүй облусунда, калгандары аймактарда салынып жатат.
Ипотекага үй алуу үчүн 53 миң жаран кезекте турат. Алдыдагы 5 жылдын ичинде алардын бардыгы турак жай менен камсыз болот. Кезекке тургандардын саны күндөн-күнгө көбөйгөндүгүнө байланыштуу 2030-жылга чейин курулушту 100 миңге жеткирүү аракети көрүлүүдө.