Президент Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Татарстандын Башчысы Рустам Минниханов бүгүн, 5-июнда, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты.
Садыр Жапаров менен Рустам Минниханов Кыргызстандын бай тарыхый-маданий мурасын чагылдырган маданий борбордун экспозициясы, ошондой эле комплекстин архитектуралык объектилери менен таанышышты.
Иш сапардын жүрүшүндө ардактуу коноктор Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан кыргыздын элдик музыкалык аспабы – комуздун формасындагы уникалдуу пирсти да көрүп чыгышты.