“Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына сатып алган мамлекеттик үчүнчү учак быйыл июль айында өлкөгө алып келинет. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик 3 учак бар. Анын экөөсү учурда колдонулуп жатат. Мындан сырткары төртүнчү учак боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал кийинки жылы Канададан алып келинет. Ошондой эле эки чоң учак сатып алуу боюнча да анализ-мониторинг жүрүүдө.
Өлкөдө азыр жалпы 11 аэропорт бар, анын ичинен бешөө эл аралык, алтоо аймактык. Бүгүнкү күндө каттамдардын 70 пайызын эл аралык каттам түзсө, 30 пайызын ички каттам түзөт. Учурда өлкөнүн бардык аэропортторунда оңдоо-түздөө иштери жүрүп жатат.