Жаңылыктар
УКМК: ИИМдин кызматкери чет элдик жарандан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: ИИМдин кызматкери чет элдик жарандан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды

УКМК бүгүн ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, милициянын подполковниги Д.М.К. кармалганын жарыялады. Маалыматка караганда, кармоо иши 2-июнда кызматкер чет элдик жарандан акча талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө, кармалган кызматкердин иш бөлмөсүнөн төмөндөгүлөр алынган: болжолдуу түрдө жарылуучу граната жана экстремисттик мүнөздөгү адабияттар.

Кармалган жаран Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМКга жеткен маалыматтарга караганда, кармалган жаран системалуу түрдө чет элдиктерден акча талап кылуу менен алектенген жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан айрым чет өлкөлүк жеке жактарга формалдуу эмес жардам көрсөтүп жүргөн.

УКМК ИИМдин кызматкери М.Д.нын мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалыматы бар жарандарды белгиленген тартипте УКМКга кайрылууну өтүнөт. Берилген маалыматтын купуялуулугуна кепилдик берилет.