Жаңылыктар
Адылбек Касымалиев Тажикстанга барды
Кыргызстан жаңылыктары
Адылбек Касымалиев Тажикстанга барды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапар менен Тажикстандын Душанбе шаарына барды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты. 

Аэропорттун флагштокторуна Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинди.

Эскерте кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. 

Ошондой эле, эки тараптуу жолугушуулар жүргүзүлөт жана бир катар документтерге кол коюлат.