УКМКдан бүгүн билдиришкенге караганда, быйыл 23-майда Бишкектеги Карл Маркс менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочулар жаңжалдаша кеткен. Андан соң тараптардын бири, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын жараны И.Р.Д. чыр-чатактан улам ал 12 даана 10х28 калибрдеги октору жана 2 магазин менен жабдылган Grand Power Т 12 маркасындагы травматикалык тапанчасын алып, жол кырсыгына кабылгандарды көздөй багыттап, өлтүрөм деп коркута баштаган.
Ошол эле күнү И.Р.Д. аттуу жаран Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте кармалып, тиешелүү тергөө иш-чараларын андан ары уюштуруу үчүн өткөрүлүп берилди. Аны жеке текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар ак түстөгү порошок салынган желим баштык табылган.
Жогорудагылардын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошол эле учурда аталган кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам издөө иштери жүрүп, жыйынтыгында эки даана мылтык, бир даана жарым автоматтык ок атуучу курал жана аларга тиешелүү ок-дарылары табылып алынган.
Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.