Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Курман айт намазы мечиттерде гана окуларын кабарлап, 6-июнь күнү таңкы 7:00дөн баштап мечиттерде баян айтылып, намаз окуу тартиби түшүндүрүлөрүн билдирди. Айт намазы 7:30да башталат.
Курман айт ислам эрежелерине ылайык, Орозо айттан 70 күндөн кийин, ажылык зыяраттын соңунда болот. Ал ислам дининдеги эң негизги майрамдардын бири.
Жаңы Эмгек кодексине ылайык, Кыргызстанда Курман айт майрамы расмий түрдө жумуш эмес күн деп таанылат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл Курман айт жума күнгө туш болгондуктан, кыргызстандыктар 6-7-8-июнь күндөрү катары менен эс аларын билдирди.