Өлкө аймагында сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алсак,
— Бишкек шаарында – 3;
— Ош облусунда – 1;
— Чүй облусунда – 4;
— Жалал-Абад облусунда – 1;
— Талас облусунда – 1 өрт катталды.
Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.