Жаңылыктар
Тилсиз жоо: Ивановкада турак үй менен кошо эки унаа күлгө айланды
Кыргызстан жаңылыктары
Тилсиз жоо: Ивановкада турак үй менен кошо эки унаа күлгө айланды

Бүгүн эртең менен Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында ири өрт кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү 28-майда түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 07:03тө Ысык-Ата райондук №4 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм жөнөтүлүп, кошумча саат 07:16да №27 өрт-куткаруу бөлүгүнүн дагы бир бөлүмү тартылган. Жалпысынан 2 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 08:43тө толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен турак үйдүн болжол менен 300 чарчы метр аянты жана короодо токтоп турган 2 жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин аркасында коңшу жайгашкан үйлөргө жалын тарабай, сактап калынды.

Бактыга жараша, өрттөн жабыркагандар болгон эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери тиешелүү кызматтар тарабынан такталууда.