Жаңылыктар
Алдыдагы 3 жылда Бишкек шаары толук газдаштырылып бүтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Алдыдагы 3 жылда Бишкек шаары толук газдаштырылып бүтөт

Өлкөнү газдаштыруу деңгээли учурда 22 пайыздан 42 пайызга жетти. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. 

Жалпы 54 калктуу конушту газдаштыруу аракеттери көрүлүп, жалпысынан узундугу 1400дөн ашык газ түтүктөрү орнотулган. Натыйжада 58 миңден ашык үй-бүлөгө газ берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 40 миң үй-бүлө газга кошулду. Анын ичинен 29 миңи жаратылыш газын жылытуу максатында пайдаланууда. Алдыдагы 3 жылда Бишкек шаарын газдаштыруу иштери толук аяктайт.

Арзымат Алдаяров акыркы 10 жылдын ичинде жаратылыш газын пайдалануу өскөндүгүн баса белгиледи. Бүткүл республика боюнча газдын керектөөсү 2014-жылы 200 миллион куб метр болсо, азыр 550 миллион куб метрге  жетүүдө. Өлкөнү газдаштырууга 34 миллиард сомго жакын инвестиция салынган.