Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев: Чечме булагы боюнча маселеге чекит коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев: Чечме булагы боюнча маселеге чекит коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында жергиликтүү калк менен жолугушту.

 Алгач ал Айдаркен сурма комбинатынын учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда жетекчиликке жумушту активдүү түрдө алып барууну эскертти. 

Андан соң Камчыбек Ташиев жергиликтүү калкты кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу маалыматтар менен кеңири тааныштырды."Чечме булагы эми талаштуу эмес жана ал толугу менен Кыргызстандын балансына жазылды, бул маселеге чекит койдук. Бирок булактын суусун Өзбекстан тарап менен буга чейинкидей эле ортодо колдонобуз. Коңшуларыбыз дагы, биз дагы ал суудан пайдаланабыз, бул боюнча мамлекеттик деңгээлде келишилди", - деди Камчыбек Ташиев. 

Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча комиссиялардын ишине токтолуп, алмашылган жер тилкелери жөнүндө так маалымат берди. Жашоочулар тарабынан берилген суроолорго жооп узатылып, көтөрүлгөн маселелер алдыда чечилери айтылды.

 Буга чейин Чечме булагы боюнча акыркы чечим кабыл алына электиги айтылып келген.