Улуттук банк эсептик ченди өзгөртпөстөн, 9 % деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул чечим 2025-жылдын 27-майынан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, чечим инфляциянын салыштырмалуу туруктуу деңгээлде сакталышы жана өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктүн өсүшү менен байланыштуу.
2025-жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукциянын өсүшү 11,7% болуп, негизинен кызмат көрсөтүү, курулуш жана өнөр жай тармактарынын өсүшү менен шартталган.
Инфляция жыл башынан бери 2,9%га жогорулап, жылдык көрсөткүч 7,7% деңгээлинде калыптанды. Бул негизинен электр энергиясы жана айыл чарба продукцияларына болгон сезондук баалардын көтөрүлүшү, ошондой эле ички керектөө жана инвестициялардын көбөйүшү менен түшүндүрүлөт.
“Эсептик ченди туруктуу сактоо – инфляцияны көзөмөлдөп, макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо үчүн маанилүү кадам. Эгер тобокелдиктер жаралса, ченге өзгөртүү киргизилиши мүмкүн,” — деп билдирет Улуттук банк.
Эсептик чен боюнча кийинки чечим 2025-жылдын 28-июлунда каралат.