Бүгүн, 27-майда саат 11:48де Жалал-абад шаарындагы А.Новои көчөсүндө жайгашкан жеке менчик бала бакчадан өрт чыккандыгы тууралуу ыкчам нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшкөн.
Өрткө ыкчам аракет көрүлүп, саат 11:49да Жалал-Абад шаардык №20 өрткө каршы бөлүмдөн эки күжүрмөн эсеп тартылып, өрттү өчүрүү иштери башталган.
Куткаруучулар тарабынан бала бакчадагы 33 наристе жана 3 тарбиячы коопсуз аймакка эвакуацияланып, имарат ичиндеги газ баллондор сыртка чыгарылган. Өрт ашкана бөлүмүнөн чыккандыгы кабарланды. Жалпы өрт каптаган аянт — 120 чарчы метрди түздү.
Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн чыгуу себеби тиешелүү кызматтар тарабынан такталууда.