Өлкөдө калктын саны 2025-жылдын январь-март айларында 26,4 миң адамга көбөйүп, 0,4 пайызга жогорулады.
Ошентип 1-апрелге карата Кыргызстанда калктын жалпы саны 7 миллион 308 миң адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн Улуттук статистика комитети тараткан маалыматта айтылды.
Январь-мартта Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында 31,8 миң ымыркай катталган, же 1 000 кишиге 17,7 ымыркай туура келген. (2024-жылдын январь-мартында 19,3). Ошол эле учурда бул аралыкта 8,4 миң адам каза болгон, же 1000 кишиге 4,7 адам туура келет (2024-ж. январь-мартта - 4,8).
Калктын өсүшүнүн деңгээли Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында байкалган, ал эми Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда эң аз көрсөткүч катталды.