Жаңылыктар
Нарында 140 мектеп бүтүрүүчүлөрүн узатты
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында 140 мектеп бүтүрүүчүлөрүн узатты

2024-2025-окуу жылында Нарын облусу боюнча 11-классты 4 миң 128 окуучу аяктаса, 9-классты 5 мин 696 окуучу бүтүрдү.

Бүгүн дубандагы 140 жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу жылынын жыйынтыкталышына карата «Акыркы конгуроо» салтанаттары өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чаралар бардык мектептерде коопсуздук эрежелерин сактоо менен уюштурулду. Окуучулардын жана катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Ал эми Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр билим уяга “Бүтүрүүчүлөр аллеясын” белек кылышты. Бул долбоор мектеп жамааты жана бүтүрүүчүлөрдүн демилгеси менен ишке ашкан.

Аллея - бүтүрүүчүлөрдүн мектепке болгон ыраазычылыгын чагылдырып, мектептин көркүн ачып, келечек муундарды шыктандыруучу жай болуп калат.

Аталган билим уядан 11-классты 32 окуучу бүтүрсө, 9-классты 86 окуучу ийгиликтүү аяктады.