Жаңылыктар
Нарындагы 7 миң үй-бүлөнүн шартын өзгөрткөн 5,5 млн евролук долбоор
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындагы 7 миң үй-бүлөнүн шартын өзгөрткөн 5,5 млн евролук долбоор

Нарын шаарында “Суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү” долбоорунун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясы маалымдады.

Долбоордун алкагында чыгыш жана батыш райондорундагы 7 миңдей үйдү саркынды суу тутумуна кошуу пландалууда. Бул келечекте дагы башка аймактарды да системага кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Иш-чаралар экологиялык жана санитардык абалды жакшыртууга багытталган. Долбоор аркылуу саркынды сууларды тазалоо станциясы курулуп, жаңы суу түтүктөрү орнотулат.

Атап айтканда, чыгыш райондо 5 808 метр саркынды суу өткөрүүчү түтүк жана 351 метр басымдуу канализация курулат. Батыш райондо болсо 4 984 метр саркынды суу өткөрүүчү жана 1 920 метр басымдуу канализация түтүгү курулат. Ошондой эле эски коллекторлорду реконструкциялоо, канализациялык насостук станцияларды куруу жана кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Долбоордун жалпы наркы 5,5 миллион еврону түзүп, анын ичинен 3,5 миллион евро гранттык каржылоо болуп саналат.