Бүгүн өлкөнүн башка аймактарындай эле Баткен облусундагы мектептерде да 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыкталышына арналган "Акыркы коңгуроо" салтанаты өтүп жатат. Жер-жерлерде майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, бүтүрүүчүлөргө куттуктоолор айтылууда.
Облуста быйыл 9-классты 10 459 окуучу, ал эми 11-классты 5 322 окуучу аяктоодо. Ошондой эле, 2024–2025-окуу жылынын башында 1-класска 12 690 окуучу кабыл алынган.
Салтанаттардын бири Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде өтүп, ага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Айжигит Акматов катышты. Ал бүтүрүүчүлөргө облус башчысынын атынан куттуктоо сөзүн жеткирди жана мыкты окуучуларды тарбиялаган мугалимдерге сыйлыктарды тапшырды.
Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында облус башчысы Айбек Шаменовдун буйругуна ылайык, бул күнү бардык тиешелүү мамлекеттик органдар өз багыттары боюнча иш жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, учурда облус аймагында беш жаңы мектептин курулушу жана төрт мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул билим берүү мекемелерин 2025-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.