Жаңылыктар
Көкөмерен дарыясында дайынсыз болгон жаранды издөө иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Көкөмерен дарыясында дайынсыз болгон жаранды издөө иштери уланууда

Чүй облусунун Жайыл районунда балык уулоого чыгып, дайынсыз болуп жаткан 28 жаштагы жаранды издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 23-майда жүргүзүлүп жаткан издөө иштерине жалпы 17 куткаруучу тартылган. Алардын ичинен 8 куткаруучу Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн, 6 куткаруучу Нарындагы Жумгал районунун №43 бөлүгүнөн жана 3 куткаруучу №44 бөлүктөн келди. Издөө иштерине дрон да тартылган.

19-май күнү болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган жигит Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган. Анын кайырмагы суунун жээгинен табылган.

Издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.