Жаңылыктар
Таласта катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти

Бүгүн, 22-май күнү, болжол менен саат 18:10 чамасында Талас шаарында катуу шамал жүрдү. Катуу шамал Талас шаарындагы айрым көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын учуруп кетти.

Бактыга жараша жабыркагандар жок. Учурда Талас шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жаратылыш кырсыгынын кесепетин, чыгымдарын аныктоо иштерин жүргүзүүдө.