Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жакынкы сааттарда Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөрүн эскертет.
Маалыматка ылайык, алдыдагы үч саат аралыгында жана күндүз аталган аймактарда күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17–22 метрге чейин жетиши ыктымал.