Жаңылыктар
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедел» өткөрмө пункту иштей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедел» өткөрмө пункту иштей баштады

22-майдан тарта кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Бедел-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту иштей баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Бедел-автожол» пункту көп тараптуу (эл аралык) жүргүнчүлөр үчүн өткөрүү пункту болуп эсептелет.

«Бедел-автожол» өткөрүү бекети күнү-түнү иштейт, бирок тараптардын макулдашуусу менен иш тартибине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Барскоон — Учтурфан — Аксу автожолунан 150 чакырым аралыкта жайгашкан.