23-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылында жайгашкан жеке менчик мектеп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Өрт чыккан учур боюнча чукул кабар алынгандан кийин, Сузак районунан жана Жалал-Абад шаарынан жалпы 7 өрт өчүрүүчү эсеп, 1 суу ташуучу унаа жана 1 автошаты тартылып, тилсиз жоо менен күрөшүү иштери жүргүзүлдү. Ишке ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы, полковник А. Закиров баш болгон 80 куткаруучу тартылды.
Өрт саат 02:34тө чектөөгө алынып, 03:34тө толук өчүрүлдү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттөнгөн жалпы аянт 1800 чарчы метрди түзүп, мектептин үчүнчү кабаты толугу менен жабыркаган. Бактыга жараша, жабыркагандар катталган жок.
Учурда окуя болгон жерде атайын комиссия түзүлүп, өрттүн келип чыгуу себептерин жана материалдык чыгымдарды тактоо иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, аталган мектеп 2016-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп, учурда 400дөн ашуун окуучуга билим берет. Өрттөн кийинки окуу процессине байланыштуу кошумча чечимдер компетенттүү органдар тарабынан кабыл алынмакчы.