Жаңылыктар
Баткенде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүргүзүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери  жүргүзүлүүдө

Баткен облусунда айыл чарбасына олуттуу зыян келтирген зыяндуу чегирткелерге каршы химиялык күрөшүү иштери ырааттуу уланууда.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 20-майына карата жалпы 16 050 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлүп, анын ичинен 12 750 гектардан зыяндуу чегирткелердин очоктору аныкталган.

Аныкталган аймактын 5 000 гектарында чегирткелерге каршы химиялык дарылоо иштери жүргүзүлдү. Бул иштерге 3 атайын техника тартылган.

Иш-чаралар Баткен химиялаштыруу, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча башкармалыгы тарабынан, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлүүдө.

Бул чаралар чегирткелердин аймактын айыл чарбасына, экономикасына жана социалдык жашоосуна, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирүүсүн алдын алуу болуп саналат.

Баткен облусунун дыйкан чарбалары үчүн зыяндуу чегирткелерге каршы өз убагында көрүлүп жаткан чаралар түшүмдүүлүктү жана жергиликтүү тургундардын жашоо шартын сактап калууда маанилүү ролду ойнойт.

Химиялык иш чараларга  3 техника тартылган.