Жаңылыктар
Баткенде айыл чарба багытындагы эки жаңы ишкана ишке берилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде айыл чарба багытындагы эки жаңы ишкана ишке берилүүдө

Баткен облусунда айыл чарбасын өнүктүрүү жана дыйкандардын эмгегин баалоо максатында эки ири ишкана пайдаланууга берилүүдө. Жаңы-Жер жана Ак-Татыр айылдарында ачылып жаткан бул объекттер жергиликтүү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында бүгүнкү күндө 32 гектар аянтта кулпунай өстүрүлүп жатат. Жергиликтүү дыйкандар кооператив түзүп, акыркы жылдары экспортко ылайыктуу сортторду өстүрүүгө басым жасашууда. Апрель-май айларында түшүм жыйналып, чет өлкөгө экспорттолууда.

Кулпунайдын сапатын сактап, экспорттук талаптарга жооп берүү максатында Жаңы-Жер айылында 500 тонна продукция сактай алган муздаткыч кампасы курулуп, учурда иштеп жатат. Кампа талаадан түшкөн түшүмдү убактылуу сактап, убагында экспортко жөнөтүүгө шарт түзүүдө.

Ошондой эле Баткен районунун Ак-Татыр айылында мөмө-жемишти кайра иштетүүчү жана кургатуучу муниципалдык ишкананын курулушу аяктап, тесттик режимде алгачкы продукциясы чыгарылды. Бул долбоор Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 миллион сомдук фонддун алкагында, 22 миллион сомго каржыланган.

Ак-Татыр айыл аймагынын башчысы Алимбек Сабировдун айтымында, бул ишкананы бизнес өнөктөшкө ижарага беребиз. Ижара акысы төмөн болот. Ал жерден экспортко ылайыктуу продукция чыгарылат. Алмалар Лейлек, Ноокат жана жергиликтүү чарбалардан жыйналат. Жылдык кайра иштетүү кубаттуулугу 150 тоннаны түзөт.

Эки ишкана тең Эгемендүүлүк күнүнүн алдында ишке берилери күтүлүүдө. Алар толук ишке киргенден кийин аймакта ондогон жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда.