Жаңылыктар
Эртең өлкө аймагында күн күркүрөп, жаан жаайт
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең өлкө аймагында күн күркүрөп, жаан жаайт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 23-майга караган түнү Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин күчөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +17...+22

күндүз +22...+27

Талас облусу

түнкүсүн +12...+17

күндүз +21...+26

Баткен облусу

түнкүсүн +17...+22

күндүз +29...+34

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +17...+22

күндүз +29...+34

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +8...+13

күндүз +20...+25

Нарын облусу

түнкүсүн +6...+11

күндүз +22...+27

Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз да жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, 14 метрге чейин күчөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +24...+26 болот.