Жол коопсуздугун камсыздоо максатында жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, эми жол кырсыгына себеп болушу мүмкүн болгон эреже бузуулар үчүн айдоочулар теориялык экзаменге жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мындай сурамжылоо иштери төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- каршы тилкеге чыгуу, туура эмес манёвр же озуп өтүү;
- автоээнбаштык, жарыш уюштуруу;
- кызматтык унааларга жол бошотпоо;
- техникалык бузук унааларды башкаруу;
- мамлекеттик номери жок же аны жашырган айдоочулар;
- милициянын токтотуу талабына баш ийбөө;
- ылдамдыкты ашыруу;
- жолдун түзүмүн же бирөөнүн мүлкүн бузуу;
- мас абалындагы же айдоого укугу жок адамга унаа берүү;
- мыйзамсыз кошумча жабдыктарды орнотуу;
- кооптуу жүк ташуу эрежелерин бузуу;
- жүргүнчү ташуу эрежелерин бузуу.
Эгер бул эреже бузуулар жеринде катталса жана айдоочу жол эрежелерин билбей калса, анын айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынып, ал 60 күндүн ичинде теориялык экзамен тапшырууга милдеттендирилет. Экзаменден өтпөсө — айдоо укугу убактылуу токтотулат.
Ал эми эреже бузуулар камера аркылуу катталган учурда, айдоочу унааны өзү айдап жүргөнү далилденсе гана экзаменге жөнөтүлөт.