Жаңылыктар
Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – кылмыш-жаза мыйзамынын жоболорундагы коррупциялык факторлордун, тактап айтканда кызмат адамдары дискрециондук ыйгарым укуктарды мыйзам ченемдери катары ишке ашыруу жүрүмүндө коррупциялык укук бузууларды жасоого түрткү берүүчү шарттарга, мүмкүнчүлүктөргө бөгөт коюу.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине төмөндөгүлөрдү аныктаган өзгөртүүлөр каралган:

 − сот тарабынан эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгү табылбаганда, өмүр бою эркиндигинен ажыратууну жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу;

 − баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо менен байланышкан кылмыш жасоодо эскирүү мөөнөттөрүн колдонууга тыюу салуу;

 − баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо үчүн соттолгон адамга жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну колдонууга тыюу салуу.