Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Венгрияга барат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Венгрияга барат

Президент Садыр Жапаров 20-21-майда Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн Будапештке иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Уюмдун байкоочу өлкөсү - Венгрияда биринчи жолу өткөрүлө турган бейформал жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталат.