Жаңылыктар
Бообек Ажыкеев Нарындагы жер титирөө болгон аймакка барды
Кыргызстан жаңылыктары
Бообек Ажыкеев Нарындагы жер титирөө болгон аймакка барды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-май күнү Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя, Көк-Жар, Жаңы-Талап, Байкончок, Тоголок Молдо жана Кадыраалы айылдарында күчү 5 баллдан ашкан жер титирөө катталды.

Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган аймактардагы абалды жеринде көрүп, баалоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Токтобекович Айдаралиев жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ кырсык болгон айылдарды кыдырып, жер титирөөдөн жабыркаган турак жайлардын абалы менен таанышып чыгышты. Ошондой эле Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун адистерине камсыздандырылган турак жайлар боюнча чыгымдарды эсептеп, тийиштүү тартипте карап чыгуу тапшырмасы берилди. Азыркы учурда уюмдун кызматкерлери тарабынан ыкчам иштер жүргүзүлүп жатат.