Бул каражат чычырканак, карагат плантацияларын уюштурууга, бал чарбасы жана жапон технологиясы менен сүт багытындагы уйларды көбөйтүүгө жумшалат. Бул тууралуу жапон инвестору Такахара Дайсукэ Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге долбоорлор тууралуу маалымат берип жатып билдирди.
Төрөбаев иш сапарынын алкагында Казыбек айыл өкмөтүнүн Кош-Караташ участогуна уюштурулган плантация талаасына барып, долбоор менен таанышты жана чычырканак көчөтүн отургузду.
Долбоор Казыбек айылындагы “Погранич нур” кооперативи тарабынан ишке ашырылууда. Бул үчүн 150 гектар жер аянты бөлүнүп, айланасы зым менен корулууда. 3 миллион 600 миң сомго 20 миң түп чычырканактын, 672 миң сомго 5 миң 600 түп карагаттын көчөттөрү сатылып алынып отургузулду. Максат - чычырканак, карагат мөмөлөрүн кайра иштетүү менен чычырканак майын, карагат ширесин жана косметикалык каражаттарын чыгаруу. Ошондой эле келечекте чет өлкөлөргө экспорттоого багыт алуу.
Долбоор ийгиликтүү ишке ашса келерки жылы миң гектарга тигүү пландалып жатат. Алардын түшүмүн кайра иштетип, Европа өлкөлөрүнө экспорттоо мерчемделип, бул үчүн Чүй облусуна кайра иштетүүчү завод курулуп жатат.
Мындан тышкары Жапония мамлекетинде Ат-Башынын ак балы да белгилүү болгондуктан быйыл 150 бал челек орнотулуп, 10 тонна бал алуу жана аны Жапонияга жөнөтүүнү пландап жатышат.
Ошондой эле мал чарбасын уюштуруп, жапон технологиясы менен сүт багытындагы уйларды көбөйтүүнү максат кылышууда.