Ат-Башы районунда 1825 гектар пайдаланылбаган жер болсо, быйыл Ак-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Кашка жол участогундагы 100 гектар жерге сафлор, 5 гектарга жана Көк-Күмбөз участогуна 245 гектар жерге суданка эгилди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жумушчу сапар алкагында сафлор жана суданка себилген талаага келди.
Анда, Ат-Башы райондук айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кенжебек Качкынбаев маалымат берип, буга чейин Ак-Жар жана Кара-Булуң айылдарына 50 гектарга сафлор эгилип, түшүмү жакшы болгонун, май алуу үчүн жабдык дагы коюлуп, май сыгып алынганы тууралуу айтты.
Өз кезегинде Б.Төрөбаев азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында сафлордун эгилишин "жакшы" деп баалап, келечекте дагы сафлор аянтын көбөйтүү керектигине токтолду.
“Бул багытта жакшы иш жасап жатасыздар. Сафлор айдоо менен биз азыр суу май менен 48 пайыз өзүбүздү камсыздап жатабыз. Дагы сортун жаңыртуу үчүн Америкадан жаңы сорт алып келдик, учурда сыноого бердик. Жакшы жыйынтык берсе уругун алып келип, сафлор аркылуу өзүбүздү суу май менен камсыздоого өтөбүз. Сафлор кайрак жерге өсө берет, калдыгы тоютка жакшы. Чакан өндүрүш ачып майды бала бакча, мектептерге өткөрсө болот. Ден соолукка дагы пайдалуу. Бирок өндүрүштү камсызоо үчүн сырьену да көбөйтүү керек”,-деди Төрөбаев.
Ал эми чыктуу тоютту көбөйтүү максатында суданка өсүмдүгү биринчи жолу эгилди. Бул өсүмдүк дагы кайрак жерге өсө берет жана райондун шартында эки жолу чабылат деп болжолдонууда. Түшүмдүүлүгү жакшы болсо келерки жылы дагы суданка аянттары кеңейтилет. Аталган өсмдүктөрдүн эгилгенине бир ай болуп, баш алып калды.
Быйыл Ат-Башы районунда 8 миң 455 гектар жер айдалат. Анын 3194 гектарына эгин, 3165 гектарына арпа, 1269 гектарына картошка, 46 гектарга жашылча, 3950 гектарга көп жылдык чөп айдалат.