Жаңылыктар
Эскертүү! Айрым конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Эскертүү! Айрым конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт

19-майда саат 9:00 - 20:00 чейин «Тунгуч», «Рухий Мурас», «44 Га» конуштарындагы турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Ичүүчү суу «Сельский» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.