Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Үч чокуну бириктирген тоо-лыжа курорту «Ала-Тоо резорт» деп аталат
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Үч чокуну бириктирген тоо-лыжа курорту «Ала-Тоо резорт» деп аталат

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында салына турган тоо-лыжа курортун мындан ары «Ала-Тоо резорт» тоо-лыжа курорту деп аталарын билдирди. 

Өлкө башчысы бул тууралуу 16-майда Фейсбуктагы баракчасына жазып, бул жайдын инфратүзүмүн куруу башталганын, анын баарын мамлекет өзү бүтүрүп берерин белгиледи:

“Инфратүзүмдү толугу менен мамлекеттин эсебинен бүтүрүп беребиз. Жыргалаң участогундагы биринчи асма жолу (канатная дорога) келе жаткан жылдын июль айында бүтөт. Демек, келерки 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында биринчи фазасы (Жыргалаң) аяктап, лыжа трассалары ишке берилет. 2027-жылы экинчи фазасы (Ак-Булак) жыйынтыкталып, 2028-жылы үчүнчү фазасы (Боз-Учук) бүтөт да, үч тоонун трассалары биригип, толук иштей баштайт. Жалпы “Ала-Тоо резорт” трассасынын узундугу 250 километрди түзөт. Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, жакын арада отель, ресторан жана башка объектилер салынчу жерлерди аукционго коюп, менчикке сата баштайбыз. Андан түшкөн акча каражаттары экинчи жана үчүнчү (Ак-Булак жана Боз-Учук) фазаларын курууга жумшалат. Биринчи фазасын (Жыргалаңды) курууга жумшала турган каражатты мамлекеттик казынадан бөлүп бердик. Калган эки фазасы (Ак-Булак менен Боз-Учук) республикалык казынага оорчулук келтирбеш үчүн жерлерди сатуудан түшкөн каражаттарга курулат. Аукциондон жерди утуп алгандарга бир эле талап болот. Эки жылда куруп бүтүп, ишке киргизүүсү керек. Мамлекет тарабынан бардык уруксат документтери бүткөрүлүп берилет”, - деп жазды өлкө башчысы.  

Президент андан ары курорт жылына 2 миллиондон ашуун туристти кабыл алары болжолдонуп жатканына токтолгон.

“Жерди алып коюп, узак мөөнөт курулуш (долгострой) кылып же «инфратүзүм бүткөндөн кийин жердин баасы он эсе кымбаттайт, анан башка бирөөгө сатып, үстүнөн киреше табам» деген түшүнүк болбойт. Андайларга жол бербейбиз. Анткени бул курорт жылына 2 миллиондон ашык туристти кабыл алат деп болжолдоп жатабыз. Ошондуктан курулуштар туристтерди жогорку деңгээлде кабыл алыш үчүн трассалар жана фуникулёрлор менен чогуу ишке берилиши керек. Бул лыжа курорту бүтүп ишке кирсе “Кумтөрдүн” катарын толуктап, жалпы республиканы багат. Жерлерди сатуу боюнча аукцион болжол менен июнь айынын биринчи декадасында башталат. Азыр көз карандысыз баалоочулар сатылуучу жердин наркын аныктап жатышат. Аукционго мамлекеттик компаниялар жана чет өлкөлүк инвесторлор, кыргыз резиденттери (юридикалык жана физикалык жактар) катыша алышат. Аукцион ачык жана онлайн режимде болот. Жер сатып алып, отель, ресторандарды курууга шашылыңыздар”, - деп президент өлкө жарандарына жана инвесторлорго чакырык таштаган.   

Былтыр жайында министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Анда Жыргалаң, Ак-Булак жана Бозучук чокусун камтыган жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассасын куруу пландалып жатканы, долбоордун наркы 165 миллион евро деп бааланганы айтылган. Министрлер кабинети лыжа базасын куруу үчүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан 1624,26 гектар жерди “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берген.