Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Нарын облусундагы иш сапары бүгүн Нарын шаары менен Ат-Башы районунда уланат.
Бакыт Төрөбаев алгач Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык колледжинин ветеринардык факультетинде болуп, ассимиляторлорду даярдоо борборунун иши менен таанышты. Анда ал окуу жайдагы шарттар жакшырганын айтып, мындай мүмкүнчүлүктү студенттер туура пайдалануу керектигин айтты. Эми ал ири мүйүздүү малды жасалма уруктандыруу боюнча семинарга катышууда.
Андан соң Төрөбаевдин иш сапары Ат-Башы районунда уланып, жапон инвесторлорунун колдоосу менен “Погранич нур” кооперативи тарабынан уюштурууп жаткан чычырканак, карагат плантациялары менен таанышат. Кийин Казыбек айыл өкмөтүндөгү “Ат-Башы кенч” кооперативинин жаңы курган тоют базасы, Кашка жол учсатогунда 100 гектар жерге себилген сафлор, 5 гектарга себилген суданка талааларын көрөт.
Иш сапарынын соңунда Төрөбаев Нарын шаарындагы “Азия фут” кайра иштетүү ишканасынын, сафлор жана тоют даярдоо цехинин иши менен таанышат.