Нарындын Жумгал районундагы темир-бетон буюмдарын өндүргөн заводдо учурда 60 жумушчу иштеп, саатына 30 метр куб темир-бетон буюмдарын чыгарууда. Учурда бул завод райондун аймагындагы таза суу жана ирригация тармагында жүрүп жаткан курулуштарга керектелүүчү темир-бетон шакекчелер, темир торлор жана лотоктор менен районду толук камсыз кылууда.
Долбоорду “Жумгалсуукурулуш” коому ишке ашырып, 200 миң доллар инвестиция салган.
Ошондой эле завод өндүргөн темир-бетон буюмдар Талас облусунда "Жумгалсуукурулуш" ачык акционердик коому жүргүзүп жаткан курулуштарга жөнөтүлүүдө.
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган заводдун иши менен таанышты.
Завод 2023-жылдан баштап курулушка керектүү материалдарды өндүрүп келе жатат.