Жаңылыктар
Жумгалда минералдык суусундук жана чалап өндүрүлө баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгалда минералдык суусундук жана чалап өндүрүлө баштайт

Чаек айылында жакында “Байзак” деп аталган минералдык суу жана чалап өндүрүлө баштайт. Долбоорду “Обосек” коому ишке ашырып, Дүйнөлүк банктын "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоорун алкагында 30 миң долларга жабдууларды алып келип орноткон.

Ишкана тестик режимде иштелип, сыноодон өткөрүлгөн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган ишкананы дагы көрүп, ийгиликтерди каалады.

Минералдык суу Кара-Кече өрөөнүндөгү деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктиктеги Нарзан участкасынан ташылып келет. Бул үчүн жеке ишкер Адыл Исагулов тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө жана быйыл август айында ишкананы ачуу пландалууда.