Жаңылыктар
Жумгалда 12 түрдүү сүт азыгы өндүрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгалда 12 түрдүү сүт азыгы өндүрүлүүдө

Чаек айылындагы “Көчмөн азыгы” сүт заводу бүгүнкү күндө сары май, курут, каймак, айран, сүт, сыр сыяктуу сүт азыктарынан 12 түрдөгү продукция өндүрүп жатат.

Заводдун ишке берилиши менен 12 жумуш орду түзүлгөн. Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жумгалдагы иш сапары алкагында аталган заводдун иши менен таанышты.

Сүт заводдун жетекчиси Адыл Исагуловдун айтымында, сүт азыктарын өндүрүү татаал иш. Завод 2021-жылы ишке берилген. Каралбай калган эски май заводдун имаратын талаптагыдай ремонттоп, керектүү жабдыктарды орноткон. Завод күнүнө 3 тонна сүттү иштетүүгө ылайыкталганы менен базарда атаандаштык жогору болгондуктан сатып өткөрүүдө маселе бар. Андыктан ушул тапта 1-1.5 тонна сүттү иштетип жатат. Өндүрүлгөн азыктар Жумгал жана Тогуз-Торо райондоруна сатылат.

Дүйнөлүк банктын "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоорун алкагында сүт топтоочу эки танкер алынган.