Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Түркиядагы дүйнөлүк чемпионатта кыргыз хоккейчилери тарыхый жеңишке жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Түркиядагы дүйнөлүк чемпионатта кыргыз хоккейчилери тарыхый жеңишке жетти

"Силер өзүңөргө жана дүйнөгө кыргыз хоккейи бар экенин далилдеп гана тим болбостон, анын тез өнүгүүсүн, жаңы бийиктиктерге даярдыгын көрсөттүңөр», - деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасын сыйлоо аземинде.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу хоккейчилер!

Кадырлуу машыктыруучулар!

Жалпы эле кыргыз спортчулары!

Кыргызстандын спорт тарыхында жаңы барак ачылууда. Бүгүн биз дүйнөлүк аренада дагы бир жаңы жеңишти камсыз кылган хоккей боюнча улуттук курама командабызды – өлкөбүздүн спорттогу ар-намысын коргоочуларды кезектеги ийгилиги менен куттуктоо үчүн чогулуп олтурабыз.

Кыргызстандын кызыл туусун бийик көкөлөткөн сыймыктуу уулдарыбызды кезектеги жеңиши менен чын дилимден куттуктаймын!

Биз хоккейчилерибиздин мындан туура үч жыл мурун, 2022-жылы Бишкекте өткөн Дүйнө чемпионатынын 4-дивизионунда төрт команданы жеңип, 1-орунду камсыз кылуу менен Дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун «Б» тайпасына көтөрүлгөндө абдан кубанып, келечектен көптү үмүттөнгөнбүз.

Мынакей ошондогу үмүт-тилегибиз орундалып, өткөн айда Түркиянын Стамбул шаарында өткөн хоккей боюнча дүйнө чемпионатында 3-дивизиондун “А” тайпасынын жеңүүчүсү болуп, тарыхта биринчи жолу 2-дивизиондун “Б” тайпасына көтөрүлүп олтурасыңар. Силер өз тайпаңардан Түштүк Африка, Люксембург, Босния жана Герцеговина, Түркмөнстан жана Түркия командаларын бардыгын жеңип, ишенимдүү түрдө кийинки дивизионго жолдомо алып, кубанып турган кезиңер.

Албетте, мындай жетишкендиктердин артында эртеңки жеңиштерге болгон ишенимдер менен тер төккөн машыгуулар, ар тараптан колдоп-коштоолор турат.

Мындай ийгиликтерге жетүү үчүн биздин курама командабыз акыркы үч жылда тыным албай эмгектенип, машыгып, алдыга койгон максаттарга жетүүдө кыйынчылыктардын баарын басып өтүп келаткандыгынан жакшы кабардармын.

2023-жылы Босния жана Герцеговина мамлекетинин Сараево шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 3-дивизиондун «Б» тайпасынан биздин курама командабыз бардык беш оюнун жеңип, Дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун «А» тайпасына өттүңөр эле.

Ал эми 2024-жылы Бишкек шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 3-дивизиондун «А» тайпасындагы оюндарда 2-дивизионго чыгуу үчүн күч сынашып 2-орунду ээлеп, бул тайпадан көтөрүлүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой, жеңилүү ызасын да тарткансыңар. Бирок сынган жоксуңар, кайрадан чыйралып, катуу даярданып, мына быйылкы өткөн дүйнө биринчилигинде 2-дивизиондун “Б” тайпасына чыгып отурасыңар, азаматсыңар!

Эсиңерде болсо, 2022-жылы Дүйнө чемпионатынын 3-дивизионуна чыкканда мен силер менен жолугушуп, кийинки дивизиондорго чыгууга, жеңиштерге жетүүгө ар тараптан колдоо көрсөтөм деп убада бердим эле. Силер дагы чоң жоопкерчиликти сезүү менен тыкыр даярдык көрүп, натыйжа жараттыңар.

Бүгүн ошол силердин жеңишиңердин артынан берилген убаданын аркасында бул иш-чара уюштурулуп олтурат. Биз мамлекетибиздин туусун эл аралык майданда бийик көкөлөткөн эр-азаматтарыбызды колдоого алабыз!

Атын атаса – куту сүйүнөт” дейт биздин ата-бабаларыбыз. Анын сыңарындай, бүгүнкү салтанаттуу жолугушуубузда айрым хоккейчилерибиздин өзгөчө ийгиликтерин баса белгилеп айта кетейин:

• Исламбек Абдыраев — мелдештин “Эң мыкты чабуулчу” наамына ээ болду.

• Кузьма Терентьев — бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн, уюштуруучу комитеттин жана турнир төрагасынын добуш берүүсүнүн негизинде “Эң мыкты коргоочу” деп табылды.

• Мамед Сайфулов, команданын капитаны — мелдеш учурунда эң көп упай топтогон оюнчу аталды. Ошондой эле дүйнө чемпионатында 18 шайба киргизүү менен Израиль спортчусунун рекордун жаңылады.

Азем соңунда президент Садыр Жапаров хоккейчилерге чың ден соолук, бекем эрк жана чексиз мекенчилдик каалап, мамлекет мындан ары да спортко, анын ичинде хоккейге колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи. Өлкөбүздүн спорттук инфразүмүн модернизациялоо жана келечекте чемпиондорду чыгаруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө болгон күч-аракет жумшалат.

Сыйлоо аземинде мамлекет башчысы акчалай сертификаттарды тапшырды:

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчуларына - 600 миң сомдон, машыктыруучуларга - 800 миң сомдон, медицина кызматкерлери менен техникалык кызматкерлерге - 200 миң сомдон.