Жаңылыктар
Кочкордо логистикалык борбор ишке берилсе, жумасына 300 миң сом түшөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкордо логистикалык борбор ишке берилсе, жумасына 300 миң сом түшөт

Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол айылына курулуп жатан соода логистикалык борбор ишке берилсе, жергиликтүү казынага жумасына 300 миң сом түшүп турат деп божомолдонууда. Мындай маалымат Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган борбордун курулушу менен тааныштыруу учурунда айтылды.

Анда район акими курулуш жана анын келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Маалыматтарга караганда, бул жай түндүк-түштүк альтернативалык жолунун боюндагы чоң логистикалык борборго айланып, борбор толук ишке берилгенден кийин жумасына 300 миң сом соода түйүндөрүнөн жана ижара акылардан жергиликтүү бюджетке чегерилип турат. Алдыда дагы борборду 20 гектар жерге кеңейтүү менен бардык санитардык талаптарга жооп берген мал союучу жай куруу пландалууда.

Борбордо 281 соода контейнери коюлуп, анын 250сү акукцион менен 6 миллион сомго сатылган. 15 контейнер аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө берилген. Ошондой эле административдик имарат, бардык ветеринардык санитардык талаптарга ылайык ветеринардык пункт курулган. Ал эми буга чейинки базар райондун Теңдик айылында жайгашып, соодагерлер үчүн, мал саткандар үчүн дагы шарттар болгон эмес.

Кочкор районунда 38 миң жылкы, 47 миң уй, 235 миң кой-эчки бар.