Жаңылыктар
Жакынкы күндөрү күндүн табы 40 градуска жетет
Кыргызстан жаңылыктары
Жакынкы күндөрү күндүн табы 40 градуска жетет

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык, 16-17-май күндөрү ысык аба-ырайы күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 35…40 градус, Талас өрөөнүндө 33…38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.

Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда суусоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарыңыз.