Жаңылыктар
Ат-Башыдагы катуу шамал үйдүн чатырын учуруп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башыдагы катуу шамал үйдүн чатырын учуруп кетти

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 13-майда саат 15:00 чамасында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, шамал Ат-Башы айылынын Абыкеев көчөсүндө жайгашкан көп батирлүү турак үйдүн 150 чарчы метр чатырын учуруп кетти. Окуя болгон жерге келген райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.