Нарын облусунда 12-майда болгон жер титирөөнүн кесепеттеринен 99 турак үй жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Алардын маалыматына ылайык, Ак-Талаа району боюнча жалпы 99 турак үй, 3 мектеп, маданият үйү жан бир дүкөндүн дубалдарынан жарака кеткен.
Тоголок-Молдо айыл аймагына караштуу Көк-Жар айылында 36 турак үй, Жаңы-Талап айылында 28 турак үй, 1 маданият үйү, Ак-Кыя айылында 21 турак үй, 1 мектеп, Кадыраалы айылында 7 турак үй, 1 мектеп, 1 дүкөн, Кара-Ой айылында 7 турак үй, 1 мектеп (анын ичинен 46 турак үй камсыздандырылган, 53 турак үй камсыздандырылган эмес).
Иликтөө иштери бүгүн, 14-май күнү да улантылат.
Эске салсак, Нарын облусунун аймагында 12-майда эки жолу жер титирөө катталган. Анын күчү 4 балл жана 5,5 баллга чейин жеткен. Буга байланыштуу жер-жерлерде жабыркагандар жана кыйроолорду тактоо максатында райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган