Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов III Элдик Курултайдын делегаттары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга район акимдери, мэрлер, айыл өкмөт башчылары, облустагы мамлекеттик мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты.
Делегаттар аймактык мааниге ээ болгон бир катар маселелерди көтөрүштү. Алардын ичинде:
• жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдорду куруу,
• ирригациялык системаларды өнүктүрүү,
• алыскы айылдарды туруктуу байланыш менен камсыз кылуу,
• жайыт жерлери жана жер амнистиясы маселелери бар.
Облустун жетекчилиги ар бир маселе өз алдынча караларын, тиешелүү органдар менен биргеликте иш алып барыларын билдирди.