14-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 32…34 градус болот.