Жаңылыктар
Жалал-Абадда Эне жана баланын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда Эне жана баланын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды

Сузак районунун Чокмор айылында райондор аралык Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борбору ачылды.

Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Бул борборду Ташиевдер өздөрүнө таандык болгон мунай базасын сатып, 570 млн сомдук жеке каражатына куруп, толугу менен мамлекетке өткөрүп беришти.

Имарат төрөт бөлүмүн жана балдар ооруканасын камтып, жалпысынан 470 штаттык бирдик менен камсыздалат.