Жаңылыктар
Догдуркүл Кендирбаева агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Догдуркүл Кендирбаева агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Догдуркүл Кендирбаева мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Агартуу министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Догдуркүл Кендирбаева буга чейин билим берүү жана илим министри болуп келген. Президент Садыр Жапаров бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрликти түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.