Нарын облусунда бир жума ичинде мас абалында унаа башкарган 16 айдоочу кармалган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка таянсак, 5-майдан 11-майга чейин Нарын облусунун аймагында 620 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Алардын ичинен 16 айдоочу мас абалында унаа башкаргандар. Жалпы 63 автоунаа айып короо жайына токтотулду.
Алсак, булардын ичинен эң көбү 191 айдоочу ылдамдыкты ашырып айдаган, 138 айдоочу жол белгилерине баш ийбеген, 152 айдоочу коопсуздук курун тагынган эмес, 8 айдоочу жол чырагына баш ийген эмес. Мындан тышкары техникалык кароодон өтпөгөңдөр, унааны айдоого укугу жок башкаргандар, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузгандар, унааларына кошумча жабдык орнотуп алгандар - 13, каршы тилкеге чыгып унаа айдагандар сыяктуу жол эрежелерин бузгандар аныкталып, айып салынды.